ГНС тыюу салынган тамеки продукциясын алып кирүүнү аныктады
Чек араны кесип өткөн унаа токтотулуп, анын ичинен түтүнсүз тамеки продукциясы — снюс табылды. Жалпы 190 даана өлкөгө алып кирүүгө жана сатууга тыюу салынган продукция алынган.
Бул иш боюнча материалдар укук коргоо органдарына юридикалык кароого жана зарыл процессуалдык чараларды кабыл алууга өткөрүлдү.