
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 30-сентябрында, «РИОМ» авто базарынан алыс эмес, Военно-Антоновка айылында белгисиз адам ишкерге Казакстандан 65 атты «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу өткөрүп берүүнү сунуштаган. Алдамчылык натыйжасында алдамчы 2 миллион сомду жана 7 миллион 20 миң сомдук малды ээлеп алган, андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен.
Чүй облусунун ИИБнин сүрөтү
Зардап чегүүчү 21-ноябрда укук коргоо органдарына кайрылып, болгон окуя тууралуу билдирген. Анын айтымында, жалпы зыян 7 миллион 330 миң 400 сомду түзөт.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.
Полициянын ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү аныкталып, кармалды, ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө иштери уланууда, укук коргоо органдары иштин кошумча жагдайларын аныктоодо.