Жалал-Абад облусунда бир сутка ичинде үч өрт катталды

Ирэн Орлонская Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Соңку 24 сааттын ичинде Жалал-Абад облусунда үч өрт кырсыгы катталды, бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Манас шаарында М. Исакулов көчөсүндө муниципалдык ишканасына таандык жылуулук борборунда мазуттун от алганы катталган. Ошондой эле Р. Эгембердиев көчөсүндөгү үйдүн короосундагы нан бышырган жайда газ плитасынын от алганы себептүү өрт чыккан.

Мындан тышкары, Сузак районунун Көк-Арт айылдык аймагында жайгашкан Таран-Базар айылында С. Сейитов көчөсүндө жалпы аянты 98 квадрат метр болгон темир жабын менен жабылган курулуп жаткан имаратта 22 квадрат метр аянтта чатыр жана потолок күйүп кеткен.

Учурда бул өрт кырсыктарынын себептери аныкталууда.
VK X OK WhatsApp Telegram