Башкы бет » Окуялар » Нарын шаарында базарда өрт чыкты
Окуялар

Нарын шаарында базарда өрт чыкты

Нарын шаарындагы базарда өрт чыкты, деп билдирет Turmushтун кабарчысы. 

14-январда саат 08:00дө Нарын жана Нарын районунун №16 өрт-куткаруу бөлүмүнүн диспетчердик кызматы «Чолук Ата» соода борборунда өрт чыккандыгы тууралуу сигнал алды. Соода борбору С.Орозбаков көчөсүндө жайгашкан.

Алгачкы өрт өчүрүү командалары окуя болгон жерге 08:05те жөнөп кетишти. Алар келгенде, оттун чачырап, соода борборунун ичиндеги чачтарачтык жана тамактануучу жайды каптаганын көрүштү.

Өрт 09:05те толугу менен өчүрүлдү.

Өрт чыккан аймактын аянты 90 чарчы метрди түздү. Окуянын натыйжасында пластик потолоктор, МДФ панелдер, электр приборлору жана мебель күйүп кетти.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныкталып жатат.
Имарат мамлекеттик камсыздандырууга ээ. Азыркы учурда социалдык-экономикалык зыяндын көлөмү жана материалдык баалуулуктардын абалы такталууда.
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК