Үч жумага жакын туугандары Анарбек Исаковду таба албай жатышат
Мурда Turmush жазгандай, А. Исаков 21-декабрда Сокулук районунда жайгашкан «Белек» дачасынын үйүнөн чыгып, азыркыга чейин табылган жок.
Ал 1973-жылы төрөлгөн. Нарын облусунун Жумгаль районунун Байзак айылынан.
Анын кичүү агасы Шагибек Исаков кайрадан кайрылып, издөө иштеринин натыйжасыз болгонун жана агасынын азыркыга чейин табылбаганын билдирди.
«21-декабрь 2025-жылы ал биздин үйдөн «Белек» дачасына чыгып, ошол күндөн бери дайынсыз. Психикалык оорулар менен жабыркабайт, бирок убак-убагында спирт ичимдиктерин ичип турат. Көп жерлерде издөөгө аракет кылдык, издеп чыкпаган бир дагы айыл калбады. Миллиция да издөө иштерин жүргүзүп жатат. Бирок азырынча натыйжа жок», - деди ал.
Эгерде аны көргөн же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор болсо, 0504 38 38 09 телефонуна байланышуу суранылат.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Скот уурдоого шектүүлөр кармалды
6-январда Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тарабынан жарыяланган...
Без изображения
Милиция Сокулук районунда табылган аялдын туугандарын тапты
ГУВД Чүй облусунун кызматкерлери эсин жоготуп, Сокулук районунда табылган аялды идентификациялоого...
Без изображения
Бишкек — Ош трассасында автомобиль жарым сааттын ичинде эки ЖОЖ жасады. Жүргүнчү каза болду
Сокулук районунда өлүм менен аяктаган ЖОЖ катталды, деп билдирет Чүй облусунун ГУОБДДсы....