Бишкекте жеке кечелерди уюштурган кыздарды айыпка жыкты
Ар бир жолу кечелер үчүн жаңы жайлар алдын ала ижарага алынган.
Милициядан билдиришкендей, бул иш-чаралар коомдун моральдык баалуулуктарын коргоо жана жаштарды мыйзамсыз аракеттерге тартуунун алдын алуу максатында өткөрүлгөн профилактикалык жана оперативдүү-издөө иштеринин алкагында жүргүзүлгөн.
Натыйжада 2001, 2002, 1996 жана 1999-жылдары төрөлгөн беш аялга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 109-беренеси (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”) боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Алардын ар бири 10 миң сом айып пул алды.
Мындан тышкары, мындай иш-чаралар өткөн жайлардын бири жабылып, ага да айып пул салынды.
Милиция жарандарды коомдук моралды жана мыйзамдарды сактоого чакырып, порнографиялык материалдарды, анын ичинде интернет жана мессенджерлер аркылуу таратууга катышуу да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин эскертти.
Окшош материалдар:
