Бишкекте аял белгисиз адамдарга квартира сатып алуу үчүн дээрлик 50 миң доллар берди
Берилген маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-ноябрында бир аял Первомай районунун Ички иштер бөлүмүнө алдамчылык боюнча арыз менен кайрылган.
«Ошол жылдын 5-ноябрында ага WhatsApp аркылуу батир сатуу сунушталган, андан кийин ал 49 миң 900 долларды которгон. Бул каражат жети банкка жөнөтүлгөн, бирок убада кылынган мүлк берилген жок», — деп айтылат пресс-релизде.
Бишкек ШИИБнин сүрөтү
Аял 3 миллион 655 миң сомду банктардын терминалдары аркылуу которгон. Тергөө учурунда каражаттарды алган адамдардын бири аныкталды — 2007-жылы туулган А.Б. аттуу жаш жигит, анын банкттык картасына 200 миң сом түшкөн. Ал кармалып, процессуалдык аракеттерди жүргүзүү үчүн милицияга жеткирилген, андан кийин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.
Азыркы учурда укук коргоо органдары кошумча далилдерди чогултуу жана бул кылмышка катышы бар башка адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.
Окшош материалдар:
