Бишкектеги карылар үйүндө чыккан өрттөн адамдар каза болушту
Бүгүн Бишкектин Первомай районунда Абая көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүү бригадасы жана от менен күрөшүү штабы жөнөтүлгөн. Учурда өрт локализацияланган, жана аны өчүрүү боюнча иштер улантылууда. 15 адам эвакуацияланды, тилекке каршы, алардын экөө каза болду.
«Кошумча маалымат кийинчерээк берилет», - деп билдиришти пресс-кызматтан.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Бишкекте карылар үйү күйүп жатат: 2 адам каза болду
МЧСтин маалымат кызматына ылайык, Бишкекте Абая көчөсүндө Карылар үйүндө өрт чыкты. Отту өчүрүү...
Без изображения
Эсалгандар үйүндөгү өрт өчүрүлдү
МЧСтин маалыматына ылайык, Карылар үйүндөгү өрт толугу менен өчүрүлдү. Окуя 6-январь күнү кечки...