Бакай-Ата районунда браконьерлер кармалды
Экологдор 2-январда рейддердин жүрүшүндө жергиликтүү тургундун мыйзамсыз аңчылык кылып, 9 куропатка атып алганын аныкташкан. Алынган куштар жана пневматикалык курал Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, 4-январда өткөрүлгөн рейддин алкагында Айтматов районунан дагы эки адам кармалды, алар мыйзамсыз 18 кеклик (таш куропатка) атып алышкан. Куштар жана ок атуучу курал тергөө органдарына тергөө үчүн өткөрүлдү.
Мыйзамсыз аңчылык фактыларын аныктоо жана токтотуу боюнча иштер улантылат.
Окшош материалдар:
