

















Бишкекте бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер арасында өткөрүлгөн биринчи жаштар Дельфий оюндардын конкурс күндөрү башталды.
«Өнөрчүлүк» номинациясынын расмий ачылышы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм искусстволор музейинде Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын орун басары Абсамат Акунов жана Казакстан Республикасынын Улуттук Дельфий комитетинин директору Куралай Туспекова катышуусунда өттү.
Эки күн бою жаш таланттар «Өнөрчүлүк» категориясында өз өнөрүн көрсөтүп, атаандашып турушат.
Бул номинациянын алкагында усталар традициялык кол өнөрчүлүктөрдү, анын ичинде шырдак, ала кийиз, токуу, кесте, керамика, териден жасалган буюмдар, жыгачка оюу жана зергерчилик буюмдарды көрсөтүшөт.
Соревновения сегиз ар кандай номинацияда өтөт: пианино, көркөм искусство, элдик жана эстрадалык вокалдык искусство, элдик бийлер, диджейинг, элдик аспаптарда аткаруу, ошондой эле декоративдик-кол өнөрчүлүк чыгармачылык. ```