
Жогорку Кенештин депутаттары өз жыйынында Руслан Суйналиевди финансылар министри кызматына дайындоону бир добуштан колдошту.
Бул чечим эл өкүлдөрүнүн каршы пикирлери жок кабыл алынды.
Эске алчу нерсе, Суйналиев буга чейин финансылар министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.