Жапаров Жогорку Кенештин депутаттарын парламентте бөлүнүүгө жол бербөөгө чакырды
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кенештин депутаттарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө парламентти ар кандай фракцияларга бөлүү боюнча акыркы аракеттерге тынчсыздануусун билдирди. Ал: «Эгер эл тарабынан шайланган депутаттар ар кандай тарапка бөлүнсө, анда жөнөкөй жарандар менен эмне болот? Мындай терс аракеттерден качуу керек. Мындай бөлүнүү мамлекет үчүн коркунуч туудрат. Мен башынан эле бөлүнүүгө каршы күрөшүүнү чечтим», - деп баса белгиледи президент.
Жапаровдун айтымында, акыркы беш жылдын ичинде «бөлүнүү» түшүнүгү фактически жок болуп кеткен. Ал ошондой эле акимдердин, судьялардын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин өткөрүлгөн ротациясы оң натыйжаларды алып келерин белгиледи.