Депутат инвесторлорго алтын калдыктарын кайра иштетүүнү сунуштады: 80% киреше — мамлекетке
Депутат өлкөдө 100 тоннага жакын алтын калдыктары топтолгонун белгиледи.
Анын демилгесине жооп катары «Кыргызалтын» же «Кыргызгеологияга» кайрылуу сунушталды, анткени ушул уюмдар долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл уруксаттарды бере алышат.
Кылычбаев ошондой эле калдыктарды кайра иштетүү тармагында адистердин жетишсиздигин баса белгилеп, заводдун курулушу жергиликтүү адистерге баалуу тажрыйба алууга жана келечекте бул тармакты өз алдынча өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
Жыйында 2025-жылга карата Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иши тууралуу маалымат да каралды.