Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинде Airbus компаниясынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү
Переговорлор учурунда стратегиялык өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрү, аба паркынын жаңылануу маселелери, Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) жана EASA тарабынан өткөрүлүүчү аудиттерге даярдык, ошондой эле Кыргызстандагы кадрдык потенциалды жана авиация инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун борборунда авиасуднолорду лизингге алуу, MRO багытын өнүктүрүү, жүк ташууларды жана аба кыймылынын системасын (ATC) жакшыртуу, ошондой эле маршруттардын географиясын кеңейтүү темалары болду.
Airbus компаниясынын өкүлдөрү авиация адистерин даярдоо жана тренажердук базаны өнүктүрүү боюнча кийинки колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилешти.