
Бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы шайланган депутат Таалайбек Сарыбашов расмий түрдө ант берди.
Белгилей кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы ага депутат статусун тастыктаган күбөлүк жана эмблема тапшырды. Сарыбашов Жанара Акаевдин ордуна депутат болуп шайланды, ал 18-февралда Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.