Бул секторго чет элдик инвестициялардын көбөйүшүнүн себептери төмөнкүлөрдү камтыйт:
регион өлкөлөрүндө электроэнергияга ички суроо-талаптын жогорулашы;
энергетикалык өтүштү баштоо, анын ичинде жаңылануучу энергия булактарына негизделген жаңы долбоорлорду ишке киргизүү.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин жыйналган инвестициялардын көлөмү боюнча эң маанилүү жаңы электроэнергетикалык долбоорлор
| Долбоор | Жыйналган ПИИ көлөмү | |
| 1 | Кашкадарья облусунда (Өзбекстан) Mubadala (БАЭ) жана TAQA (БАЭ) катышуусунда ТЭЦ куруу | $1 млрд |
| 2 | Каракалпакстанда (Өзбекстан) ACWA Power (Саудия Аравиясы) катышуусунда жел электр станциясын (ЖЭС) түзүү | $775 млн |
| 3 | Каракалпакстанда (Өзбекстан) Sany Renewable Energy (Кытай) катышуусунда ЖЭС куруу | $720 млн |
| 4 | Наманган облусунда (Өзбекстан) Tepelen Group (БАЭ) катышуусунда күн электр станциясын (КЭС) куруу | $350 млн |
| 5 | Балыкчыда (Кыргызстан) кытай инвесторлорун тартуу менен КЭС куруу | $290 млн |
Кошумча маалымат:
Бул отчеттун алкагында Азия өлкөлөрүнө төмөнкүлөр кирет: Афганистан, Вьетнам, Индия, Иран, Индонезия, Кытай, Түркия, ошондой эле Перс булуңунун өлкөлөрү — Бахрейн, Катар, Кувейт, БАЭ, Оман жана Саудия Аравиясы.
Евразия региону 13 өлкөнү камтыйт: Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина.
Ортолук Азияда 5 мамлекет жайгашкан: Казахстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан.