Кыргызстандын аймагында учкучсуз учактарды көзөмөлдөө маселелери боюнча мамлекеттик жарандык авиация агенттигинде жумушчу жыйын өттү
Жыйынга жергиликтүү органдардын өкүлдөрүнөн тышкары Румыниядан келген делегация катышты. Жүзөгө ашырылган жолугушууларда Argonian UTM жана Drone Detection кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, БПЛАнын жайгашкан жерин аныктоо жана учуу параметрлерин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Sim Soft Distribution SRL компаниясынын өкүлү учкучсуз учуучу аппараттарды аныктоо жана мониторингдөө менен байланышкан техникалык аспектилер жөнүндө айтып берди. Негизги көңүл учуу параметрлерин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө системасынын мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Презентациядан кийин Бишкектин шаардык инфраструктурасында системанын ишин практикалык көрсөтүү болду:
Абага төрт учкучсуз учуучу аппарат көтөрүлдү, алар шаардын ар кайсы бөлүктөрүнө жайгаштырылган.
Система учуу пункттары, бийиктик, учуу ылдамдыгы жана ар бир аппараттын траекториялары жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде көрсөттү.
Мындан тышкары, система кыймылдагы унаада болгон БПЛАнын операторунун болжолдуу жайгашкан жерин аныктоого мүмкүнчүлүк берди.
Жыйындын катышуучулары демонстрациянын натыйжаларын көрүп, жүргүзүлгөн учуулар боюнча фактикалык маалыматтарды тастыктады.