Президент Садыр Жапаров жакында «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда коррупция жана кылмыштуу көрүнүштөр менен күрөш улантыларын тастыктады.
Ал бул көрүнүштөргө каршы күрөшүү иши үзгүлтүксүз, түнү-күнү жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Мен бул маселелер боюнча реалдуу натыйжаларга жетишүүгө талап кылам жана мындан ары да ошондой катуу мамиле сактайм. Бардык мамлекеттик кызматкерлер муну түшүнүшөт. Биздин өлкөдө кылмыштуулук жана коррупция толугу менен жоюлушу керек», - деп баса белгиледи президент.