
Жогоруда айтылгандай, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги атайын даярдыктагы полкту президентке өткөрүү тууралуу ушактарды четке какты, мындай маалыматтын чындыкка дал келбестигин билдирди.
Кандайдыр бир жарлыкка кол коюлгандыгы тууралуу маалыматтар реалдуу негизге ээ эмес жана так эмес.
Атайын даярдыктагы полк мурдагыдай ишин улантууда.
Ички иштер министрлиги бардык жарандарды жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн расмий булактарга кайрылууга жана текшерилбеген маалыматтарды таратуудан качууга чакырат.