Иссык-Куль облусунда жыл соңуна чейин 10 электр унааларына заряддоо станциясы орнотулат

Анна Федорова Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram
Иссык-Куль облусунда 10 заряддык станция орнотулат, деп билдирет «Чакан ГЭС» ААК.
Учурда жаңы станциялар орнотулуучу жер тилкелерин ижарага алуу үчүн документтер даярдалып жатат. Так орнотулчу жерлер төмөнкүлөр:

2 тилке Балыкчы шаарында;

1 тилке Боконбаево айылында;

1 тилке Кызыл-Суу айылында;

2 тилке Каракол шаарында;

2 тилке Тюп айылында;

2 тилке Чолпон-Ата шаарында.

Бардык зарыл документтерди расмий түрдө бүтүргөндөн кийин курулуш жана жабдууларды орнотуу башталат. Объектилердин быйыл эксплуатацияга берилери күтүлүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram