
Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана борбордун санариптик технологиялар борбору өз ара түшүнүшүү меморандумун түзүштү. Бул тууралуу Фонддун билдирүүсүндө маалымдалды.
Бул документ туристтик сектордо санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган. Негизги багыттарга туристтерди ташуу, санариптик навигация, туристтик маршруттарды шаардык системалар менен интеграциялоо жана туристтик агымдарды анализдөө кирет.
Тараптар туристтер үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү, маалыматтык жана навигациялык чечимдерди киргизүүнү, ошондой эле маршруттарды «акылдуу шаар» системасына интеграциялоону жана биргелешкен пилоттук инициативаларды ишке ашырууну көздөшөт.
Фонд бул келишим борбордогу туристтер үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу санариптик инфраструктураны түзүүдө маанилүү кадам болоорун баса белгиледи.