2026-жылга пландалган долбоорлордун арасында төмөнкүлөрдү белгилеп өтсө болот:
- «Манас аэропорту — Бишкек ЭЭЗ — Ала-Арча суу сактагычы» трассасын 11 км узундукта реконструкциялоо;
- Кустанай көчөсүнөн ГАИ постуна чейин Профсоюзная көчөсү боюнча айланма жол куруу (узундугу 8,5 км);
- Жаңы Ош базарына жана Батыш автобекетине жолдорду түзүү (8,7 км);
- Ош — Сары-Таш — Эркечтам маршруту боюнча 61 км узундукта капиталдык ремонт;
- «Жыргалан» тоо лыжа базасына жолду долбоорлоо жана куруу (Ala-Too Resort);
- Бишкек — Ош автожолун ремонттоо (45 км);
- Чолпон-Ата шаарын айланчу жаңы төрт жолдуу жолду куруу (узундугу 14,5 км);
- Семеновка — Ак-Суу жана Григорьевка — Кол-Кашка-Суу трассаларын 34 км узундукта асфальттоо.
Ошондой эле, учурдагы бир катар долбоорлор боюнча иштер уланууда:
- Бишкек шаары үчүн Түндүк айланма жол;
- Арашан — Чуңкурчак автожолу;
- Лебединовка — ГЭС-5 жолу;
- Бишкек — Кант трассасы;
- Нарын — Баетов автожолу;
- Бишкек — Кунтуу — Шопоков маршруту;
- Ала-Бука — Жаны-Базар — Кировка жолу;
- Балыкчы — Боконбаев — Каракол трассасы.