Кабминдин башчысы Касымалиев БАЭдеги Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин ишине катышууда

Юлия Воробьева Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram
Жумушчу визитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарына, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттин Администрациясынын Башчысы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) ачылышына катышты.

Бул саммит өкмөттөр, эл аралык уюмдар, эксперттер жана алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү арасында тажрыйба жана билим алмашууга багытталган эл аралык платформа болуп саналат.

Быйыл Кыргыз Республикасы саммиттин алкагында «Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн модели «Кар барысы»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» деп аталган сайд-ивентти биринчи жолу уюштурат. Иш-чарага БАЭден жогорку деңгээлдеги расмий адамдар катышат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: