
Кечээ, 2026-жылдын 29-январында, саат 18:00дө Жогорку Кенештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү процесси аяктады. Шайлоо 2026-жылдын 1-мартында өтөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жалпы 31 талапкер көрсөтүлгөн, алардын 21и эркек, 10у аял.
Учурда 11 талапкер катталган, алардын 4ү катышуудан баш тартса, 1 талапкерге БШК тарабынан каттоодон өтүүгө баш тартылган.