
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, жеңил типтеги объектти курууга уруксат болгонуна карабастан, чындыгында эки кабаттуу капиталдык объект курулган. Ошондуктан Жалал-Абад облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу тарабынан мыйзамсыз имаратты толук бузуу боюнча акт түзүлүп, мыйзамга ылайык талаптарды аткаруу үчүн 20 күндүк мөөнөт белгиленген жазуу түрүндөгү эскертүү берилди.