Жер тилкеси Ош облусунун Алай районунда, Памир-Алай айылдык аймагында, Нура айылында, Эркештам тилкесинин контур № 19унда жайгашкан.
Жерди берүү максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- электрондук кезек системасын киргизүү;
- жүк автоунаалары үчүн күтүү зонасын түзүү;
- «Иркештам автожол өткөрмө пунктунда» бажы инфраструктурасын өнүктүрүү.
«Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» акционердик коомуна тилкенин максаттуу пайдаланылышы боюнча сунуштар берилди.
Бул тапшырманын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруу башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
Тапшырманы Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.