Адылбек Касымалиев Минэнергого 40тан ашык атайын транспорт өткөрүп берди
37 бирдик атайын автотранспорттун жалпы баасы 145,8 миллион сомду түздү. Энергетика тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү Адылбек Касымалиев тарабынан техниканы өткөрүп берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө белгиленди. Ал бул багыт мамлекеттик саясатта маанилүү экенин айтып, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча ири энергетикалык долбоорлорду куруу жана ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
«Кыргызстандын энергетика тармагы туруктуу өнүгүп, чыңдалып жатат, гидроэнергетикалык кубаттуулуктар жаңыланууда. Гидроэлектр станцияларын модернизациялоо жана эски агрегаттарды алмаштыруу алардын пайдалануу мөөнөтүн узартат. Бул сиздердин аракеттериңиздердин жыйынтыгы. Соңку жылдарда биз жүздөгөн техника сатып алдык. Сектордогу оң өзгөрүүлөр уланат деп ишенем. Берилген техника элге жана мамлекетке пайда алып келет деп үмүттөнөм», — деди Касымалиев.
2025-жылы энергетика жана көмүр тармактары үчүн 160тан ашык атайын автотранспорт сатып алынганын белгилөө керек.