Кыргызстан жана Түндүк Македония эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты
Кыргызстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Түндүк Македониянын кесиптеши Зоран Димитровскинин телефон аркылуу болгон сүйлөшүүлөрүндө эки тараптуу мамилелер боюнча маселелер талкууланды.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сүйлөшүүгө катышуучулар өлкөлөр ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө умтулушканын билдиришип, саясий диалог, соода, экономика, парламенттер аралык өз ара аракеттешүү жана маданий кызматташтык сыяктуу тармактарда өнүгүү үчүн маанилүү потенциалдын бар экенин белгилешти. Ошондой эле тышкы саясат боюнча ведомстволор ортосунда визит алмашуу жана саясий консультациялар өткөрүүгө даярдык көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, талкуулоодо көп тараптуу кызматташтык маселелери көтөрүлүп, эл аралык уюмдар чегинде активдүү өз ара аракеттешүүгө даярдык билдирилди.