Өткөн суткада Кыргызстанда 16 өрт катталды
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө 16 өрт катталды. Алардын жоюлушуна 21 өрт өчүрүү бөлүгү тартылды:
Өрттөр төмөнкү аймактарда катталды:
— Бишкек – 5;
— Ош – 1;
— Чүй облусу – 2;
— Ысык-Көл облусу – 1;
— Ош облусу – 2;
— Нарын облусу – 2;
— Жалал-Абад облусу – 3.
Мындан тышкары, куткаруу кызматы бир жолу окуя болгон жерге чыкты.