Спикер кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын көтөрүлүшүнө кабминдин реакциясын талап кылды
Парламент жыйынында Жогорку Кенештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын көтөрүлүшү боюнча көптөгөн арыздарын билдирди. Анын айтымында, кафе жана ресторандардагы тамак-аштардын баасы 10–15% га жогорулаган.