
Учурда «Манас» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексин реконструкциялоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул долбоордун алкагында аэровокзалдын аянты 20 миң чарчы метрге кеңейтилип, инфраструктураны кыйла жакшыртууга жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.





ОАО «Кыргызстан аэропорттору» пресс-кызматынын маалыматына ылайык, жаңы комплекс заманбап технология, комфорт жана дизайн талаптарына жооп берет, натыйжада аэропорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү үч эсе жогорулайт.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында 650 унаага ылайыкталган жаңы жабык токтотуучу жай курулууда.
Жаңы токтотуучу жай терминал менен заманбап аба өтмөгү аркылуу байланыштуу болот, бул жүргүнчүлөргө жыл мезгилине карабастан ыңгайлуу жана коопсуз кыймылдаууга мүмкүндүк берет.
Толук маалыматты бул жерден билүүгө болот:
Instagram, Facebook