Казакстанда 2026-жылы инфляция 9,5-11,5% чегинде болот, - РКнын Борбордук банкы
Отчетко ылайык, болжолдун кайра каралышы инфляциянын фактический көрсөткүчтөрүнүн көбүрөөк сакталышы жана ЖКХ кызматтарынын тарифтери менен отун-май материалдарынын (ГСМ) баалары боюнча такталган күтүүлөр менен шартталган. Мындан тышкары, кошумча нарк салыгы (КНС) инфляцияга тийгизген таасирин баалоо дагы этияттык менен жүргүзүлдү.
Алдын ала, регулятор, турак-жай-коммуналдык кызматтар жана ГСМ бааларынын инфляцияга кошкон салымы төмөндөйт жана 2027-жылы баалардын өсүү темпи 5,5-7,5% га жайланат деп күтөт.
«Жылдык инфляциянын төмөндөшү өткөн жылдын жогорку базасынын кетиши жана учурдагы валюта курсунын күчөшүнүн өлкөдөгү баалардын түзүлүшүнө тийгизген таасири менен шартталат. Бирок, 2026-жылы сырттан жана ички факторлордун комплексдүү таасиринен улам инфляциялык тобокелдиктер сакталат. Сырттан келген факторлордун ичинде дүйнөлүк азык-түлүк базарларындагы жогорку баалар, күчтүү рубль жана Россиядагы инфляциянын максаттуу деңгээлден ашып кетиши бар. Ички факторлорго өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын өсүшү жана туруктуу керектөөчүлүк суроо-талап кирет», - деп белгилешти Борбордук банктан.
Дагы окуңуз:
Нацбанк Кыргызстандын эсептик пайызын 11 пайыз деңгээлинде сактап калды
Интернеттен алынган сүрөт Бүгүн брифингде Кыргызстандын Улуттук банкынын өкүлдөрү эсептик ставканы...