
Келечектеги бир-эки ай ичинде отун-май материалдарынын баасынын көтөрүлүшү күтүлбөйт. Бул тууралуу Антимонополия жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Айбек Мамыралиев Жогорку Кеңештин жакында өткөн жыйынында билдирди.
Ал АИ-92 бензини жана дизель отунунун баасынын көтөрүлүшү күтүлбөй турганын белгиледи.
«Учурда туруктуулук үчүн бардык шарттар түзүлгөн, запастар жана отун көлөмү жетиштүү. Жыл башы менен салыштырганда, бул түрдөгү отун-майдын баалары дагы төмөндөгөн», - деп кошумчалады Мамыралиев.
Мындан тышкары, ал отун импортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча учурдагы иштер тууралуу айтып берди.