Кыргызстан 2025-жылы ЕАЭБдеги бюджеттик профицитке ээ болгон жалгыз өлкө болду
Кыргызстандын бюджетинин профицити өткөн жылга салыштырмалуу 40% га көбөйүп, $0,4 миллиарддан $0,6 миллиардга жетти.
Ошол эле учурда, региондун башка өлкөлөрү өсүп жаткан дефицит менен бетме-бет келишти: Арменияда ал $1,1 миллиардды (11,3% га өсүү), Казакстанда $7,8 миллиардды (11,4% га өсүү) түздү, ал эми Россияда дефицит 1,6 эсеге көбөйүп, $67,4 миллиардга жетти.
Башкы беттеги сүрөт: КР президентинин басма сөз кызматы / Султан Досалиев.