
Бишкекте Кыргызстандын Улуттук банкы ОсОО «Нурбек Кэш» алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту.
Регулятордун маалыматына ылайык, мындай чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын нормативдик актыларын бузуу менен байланыштуу кабыл алынган.
2024-жылдын 12-июлунда берилген №6872 лицензия 2026-жылдын 6-мартынан 15-мартына чейин токтотулат.
ОсОО «Нурбек Кэш» алмашуу бюросу Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 74-үй, мурдагы ОсОО «Алкан Базары» администрациясынын батыш чыгышына карата биринчи кабатта жайгашкан.