
Логистикалык борбордун аянты 2,42 гектарды түзүп, долбоордун жалпы баасы 21 миллион сомду түзөт. Сактоо жайлары 600 тонна продукцияны жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет, бул жергиликтүү фермерлерге түшүмдү сактоого жана аны рынокко узак убакыт бою сапатын жоготпостон жеткирүүгө шарт түзөт.
Бүгүнкү күндө борбордун муздаткычтарында ушул аймактагы фермерлер тарабынан өстүрүлгөн өрүк жана сабиз бар. Борбор ички рыноктун муктаждыктарын гана камсыздап тим болбостон, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да активдүү өнүктүрүүдө: Түркия жана башка өлкөлөр менен келишимдерге кол коюлган.