
Жакында парламенттин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев Россияда иштеп жаткан ишкерлердин «Манас» жана «Ош» аэропорттору аркылуу акча алып кирүүдө кездешкен кыйынчылыктарды көтөрдү.
Депутаттын маалыматына ылайык, ГКНБнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери активдүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, ишкерлердин акча менен өтүшүнө жол бербей жатышат.
«Мен бул боюнча эки кайрылуу алдым. Биз Кыргызстанга акча алып кирүүдө тоскоолдуктарды жарата албайбыз», - деди ал.