Минсельхоз: 2026-жылы 776 км каналдарды оңдоп-түзөө жана 91 насостук станцияны ишке киргизүү пландалууда
Аграрийлерди суу менен камсыздоо үчүн жер астындагы кудуктар да активдүү пайдаланылууда — учурда болжол менен 2,5 миң суу алуу кудугу иштеп жатат. 2026-жылга даярдык көрүү алкагында 91 насостук станцияны ишке киргизүү пландалууда. Таштановдун айтымында, бул фермерлерге негизги булактардан ресурстар жетишпеген учурда кошумча суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, пландарда ар кандай ирригациялык системалар арасында сууну кайра бөлүштүрүү механизми каралган. Эгер бир системада ашыкча суу болсо, ал башка системага жөнөтүлүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн муктаждыктарын тең салмактоого жана толук канааттандырууга мүмкүндүк берет.