Кабмин башчысы 2025-жылы «USD KG» стейблкойну менен иштөө жөнүндө айтып берди
Докладында Премьер-министр өткөн жылы Кыргызстан жаңы капитал тартуу механизмдерин, анын ичинде санариптик финансылык активдерди ийгиликтүү киргизгенин белгиледи.
«Биз эл аралык финансылык мамилелердеги позицияларыбызды кыйла бекемдедик. Биринчи жолу 700 миллион долларлык еврооблигациялар чыгарылды, алар стратегиялык өнүктүрүү долбоорлоруна багытталган», – деди ал.
Мындан тышкары, алтын менен камсыздалган «USD KG» улуттук стейблкоинин 50 миллион токен көлөмүндө биринчи эмиссиясы жүргүзүлдү жана 1 долларга теңелди.
Ошондой эле, «KG ST» улуттук стейблкоининин эл аралык биржада листингден өткөнүн белгилеп кетүү керек, бул биздин финансылык системага болгон ишенимдин өсүп жатканын көрсөтөт», – деп кошумчалады Премьер-министр.