
Бул 2023-жылга караганда 392 млрд сомго көп.
Президент менен өткөрүлгөн жыйында өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өлкөнүн финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу отчетун сунуштады.
Ал 2025-жылга жалпы бюджеттин көлөмү 1 трлн 101,4 млрд сомду түзөөрүн, бул 2023-жылдагы бюджеттен 392,5 млрд сомго ашыкча экенин билдирди.
Бюджеттин мындай жогорулашы ички жалпы продуктунун өсүшү жана салык башкаруу системасынын жакшыртылышынын натыйжасында мүмкүн болду.