
Чүй облусундагы Москва районунун аймагында тамчылатып жана жаан сугат системалары үчүн жабдууларды өндүрүүгө адистешкен завод куруу пландалууда. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги тарабынан айтылды.
Берилген маалыматка ылайык, жаңы өндүрүш комплекси Ак-Суу айылдык аймагында 10 гектар жерди ээлейт.
Проектти заманбап айыл чарба чечимдери, анын ичинде тамчылатып жана жаан сугат системалары, полимер түтүктөр, ошондой эле суу фильтрациясы жана бөлүү үчүн жабдуулар менен таанымал түрк компаниясы AKPLAS PLASTIK SANAYI VE TICARET A.Ş. ишке ашырат.


Бул проектти ишке ашыруу суу сактоо технологиялары үчүн жабдууларды жергиликтүү өндүрүүнү уюштурууга мүмкүндүк берет. Бул, өз кезегинде, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, сугат суусунун жоготууларын азайтууга жана өлкөнүн агрардык секторунда заманбап технологияларды киргизүүгө жардам берет, деп белгилешти министрликтен.