Баалар жана инфляция боюнча кырдаал
Улуттук банк дүйнөлүк жана улуттук экономикадагы учурдагы абалды талдап, тышкы экономикалык шарттар кыйын жана белгисиздикке толгон деген жыйынтыкка келди.Регулятордун билдирүүсүндө: "Баалардын динамикасынын келечеги глобалдык жеткирүү чынжырлары жана соода агымдарынын туруктуулугунан көз каранды, бул геополитикалык чыңалуу жана дүйнөлүк экономиканын фрагментациясы менен коркунучка дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан, өлкөдөгү баалардын туруктуулугун сактоо үчүн акча-кредит саясатын тең салмактуу кармоо зарыл" деп белгиленген.
Инфляция 2026-жылдын 13-февралына карата 1,8% түздү (жылдык көрсөткүч - 9,6%). Жалпы алганда, баалардын динамикасы күтүлгөн чектерде, бирок керектөөчү себеттин негизги компоненттери боюнча бирдей эместик байкалууда.
Экономикалык өсүш жана ИДП
НБ КРдин маалыматына ылайык, өлкөнүн экономикасы жогору өсүү темптерин көрсөтүүдө. 2026-жылдын январында реалдуу ИДП 9% га өстү. Кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорунда активдүү өсүш байкалууда. Негизги капиталга болгон жогорку инвестициялар инфраструктуралык долбоорлордун өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө. Мындан тышкары, калктын реалдуу кирешелеринин жогорулашы жана керектөө кредитинин өсүшү ички суроо-талапты стимулдаштырып, кошумча инфляциялык коркунучтарды жаратууда.Нацбанк ички валюталык рыноктун туруктуулугу тууралуу да маалымдап, валюталык интервенциялар курстун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу үчүн гана жүргүзүлөрүн белгилейт.
Банктын сектору туруктуулугун көрсөтүүнү улантууда: 2025-жылы депозиттердин көлөмү 46,2% га өсүп, 865,9 миллиард сомго жетти, ал эми коммерциялык банктардын кредиттик портфели 48,8% га өсүп, 507 миллиард сомду түздү.