
Жолугушууларда Кыргызстанда төрт мезгилге ылайыктуу тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча инвестициялоонун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Президенттин администрациясынын орун басары Азамат Кадыралиев да сүйлөшүүлөргө катышты.
ОАО «Ала-Тоо Резорт» башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов долбоордун концепциясын сунуштап, пландалган комплекстин стратегикалык географиялык жайгашуусун жана эл аралык туризм үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча инвесторлор жакын арада инвестиция боюнча өз сунуштарын даярдап, жөнөтүү ниетин билдиришти.
«Ала-Тоо Резорт» кластерин мурда мамлекеттик маанидеги долбоор катары таанылган. Аны ишке ашыруу үчүн өкмөт Ысык-Көл облусунда жер тилкелерин бөлүп, салык жеңилдиктерин берди.
Шейх Мансур бин Зайд Аль Нахайян ОАЭнин көрүнүктүү саясий ишмери, Абу-Даби эмиратындагы башкаруучу династиянын мүчөсү. Ал ОАЭнин вице-президенти, ошондой эле премьер-министрдин орун басары жана президенттин администрациясы боюнча министр болуп кызмат кылат.