
Бишкекте «АгроДиалог-2026» аттуу агропромышлендык форум башталды.
Бул иш-чарада Нарын облусунун Ак-Тал районунан фермер Акылбек Абдылдаев сафлорду колдонуу боюнча өз тажрыйбасы жана артыкчылыктары менен бөлүштү.
Ал учурда сафлор майынын баасы литрине 200 сом экенин белгиледи. Мындан тышкары, фермер сафлордон жаныбарларга жем даярдап, аны килограммына 25 сомдон сатат.