Кыргызстандын ИДПсы 2026-жылдын январында 125,7 миллиард сомду түздү
2025-жылы ИЖПнын өсүү темпи 11,1 пайызды түзгөн.
Нацстаткомдун маалыматы боюнча, ИЖПнын структурасындагы эң чоң үлүш (52,3 пайыздан ашык) кызмат көрсөтүү тармактарына таандык, бул 2025-жылдын декабрына салыштырганда 1,3 пайызга жогору.
Товар өндүрүшүнүн тармактары 30,7 пайызды, ал эми продукцияларга салынган таза салык 17,0 пайызды түзөт.
2025-жылдын январь айына салыштырганда, курулуштун үлүшү 25,7 пайызга, өнөр жайда 12,7 пайызга, айыл чарбасында 3,5 пайызга өскөн.
2026-жылдын январь айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүнө көмөк көрсөткөн негизги секторлор болуп төмөнкүлөр саналат:
2026-жылдын январь айында 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө баалары жана тарифтер 0,8 пайызга өскөн. Атап айтканда, тамак-аш жана алкогольсиз ичимдиктердин баасы 1 пайызга, алкоголь ичимдиктери жана тамеки буюмдары 0,8 пайызга, тамак-аш эмес товарлар 0,5 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 0,7 пайызга жогорулаган.
Дагы окуңуз:
Нацстатком: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 11,1%га өстү
2025-жылы ички дүң продукция 11,1%га өстү, бул алдын ала баалоо менен тастыкталган. ИДПнын жалпы...