
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрүнө алар саткан турак жайдын өздүк баасы тууралуу суроо берди.
ГИКтин орун басары Нурлан Кудайкулов Бишкекте бир чарчы метрдин баасы 59 140 сом, ал эми аймактарда 64 800 сом экенин билдирди.
Азыгалиев ошондой эле батирлердин акыркы сатып алуучуларга кандай баада сатылары тууралуу тактады.
Кудайкулов жооп берип, турак жайдын баасы 900дөн 1400 долларга чейин өзгөрүп турганын айтты.
Ал подрядчиктер менен эсептешүүдө объекттин жалпы аянты төлөнөрүн, ал эми калкка болгону жашоого ылайык аянт сатыларын түшүндүрдү. Бул операциялардан түшкөн киреше кийинки долбоорлорду каржылоого колдонулат.
Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев калькуляциялык баа менен турак жайдын сатуу баасын айырмалай билүү маанилүү экенин кошумчалады.
«Эсептөөлөрдө насыялык каражаттарды тейлөө чыгымдары жана кирешеге таасир эткен башка факторлор эске алынат. Башында бир чарчы метрдин баасы 600-700 долларды түзгөн, бирок инфляцияны эске алганда ал өзгөрдү. Коммерциялык долбоорлордун эсебинен биз социалдык жана жеңилдетилген программаларды субсидиялай алабыз, алардын төлөм мөөнөттөрү узун, пайыздык ставкалары рыноктук ставкалардан төмөн. Инфляция 9% чамасында болгондо, турак жай 4% менен берилет», - деп белгиледи ал.