
Алардын айтымында, тыгындар Казакстандын КПП "Карасу"дагы жүк унааларын текшерүүнүн жайлатылгандыгынан пайда болгон.

Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубев Kaktus.mediaга билдиргендей, түзүлгөн кырдаал Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин (бажы кызматы) тарабынан контролдун күчөтүлүшү менен байланыштуу. Азыркы учурда "посттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү өтө төмөн" бойдон калууда. Ал ошондой эле, Казакстандан мындай текшерүүлөр мурда эле жүргүзүлүп келгенин, бирок алардын жыштыгы акыркы жумада өскөнүн кошумчалады.