НАИнын сүрөтү
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Токмоктогу долбоорлорду камтыган, санариптештирүү жана шаардык инфраструктураны модернизациялоо боюнча бир катар инвестициялык демилгелерге көңүл бурушту. Көңүл бурулган негизги багыттар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- экологиялык таза технологияларды жана санариптик башкаруу системаларын колдонуу менен туруктуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган «Глобалдык экологиялык шаар» демилгеси;
- бизнес-процесстерди интеграциялоо үчүн заманбап кызматты түзүүнү көздөгөн «Санариптик инновациялык электрондук соода платформасын» иштеп чыгуу;
- транспорттук инфраструктуранын коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди киргизүүнү көздөгөн «Интеллектуалдык шаардык коомдук транспорт системасы» долбоору;
- телемедицина технологияларын жана интеллектуалдык башкаруу системаларын колдонуу менен медициналык-сервис кластерлерин түзүүгө багытталган «акылдуу медициналык шаарларды» куруу демилгеси.
Переговорлордун аяктоосунда инвестициялык жана технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле келечеги бар биргелешкен долбоорлорду колдоого багытталган кызматташтык меморандуму кол коюлду.