Кыргызстанда айыл чарба техникасын 6% менен кредитке сатып алууга болот
Министрликтин адистери аграрийлер "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу пайдалуу шарттарда каржылоону ала алаарын белгилешти. Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашырган мисал катары Талас облусунан Эрнис Байызбек уулу аттуу фермер, 6% жеңилдетилген кредит аркылуу техника сатып алган.
Демонстрация учурунда катышуучулар ОсОО "Автомаш Радиатор"дан сатып алынган ар кандай агрегаттарды, анын ичинде "Беларусь" маркасындагы тракторлорду, ошондой эле дан жыйноочу жана картөшкө жыйноочу комбайндарды, себүүчү, терең жыртуучу жана чачуучу аппараттарды көрүштү.