
Кыргызстанда жаңы Ветеринардык дары-дармек жана азыктык кошумчалар борборунун курулушу жүрүп жатат. Учурда фундаменттин курулушу аякталды. Бул заманбап комплекс Ветеринардык кызмат жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен түзүлүп, агрардык тармакта сапатты көзөмөлдөөнү олуттуу жакшыртууга багытталган.
Проект боюнча лаборатория үч кабаттан турат жана эң заманбап жабдуулар менен жабдылат. Бардык техникалык каражаттар эл аралык стандарттарды эске алуу менен сатып алынат, бул айыл чарба препараттары жана азыктарын коопсуздук жана натыйжалуулук боюнча жогорку тактыкта изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 153 миллион сом бөлүнгөн.
Курулуш белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана иштердин аякташы 2026-жылдын аягына пландалууда. Жаңы комплексинин ачылышы ветеринардык көзөмөлдү күчөтүп, мал чарбачылыгындагы препараттардын сапатын жогорулатуу менен бирге, бүткүл тармактын илимий-техникалык потенциалын өнүктүрүү үчүн ишенимдүү база түзөт.